Эйфель мунарасы (фр. la tour Eiffel) - Париждин борборундагы металл мунара, эн таанымал арх-ралык курулуш; Франциянын символу.
Француз Революциясынын жүз жылдыгына арналып 1889-ж. курулган. Башында Париждеги бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө кирүүчү арка катары гана кызмат кылган. Мунара арх. Александр Гюстав Эйфелдин урматына аталган; Эйфелдин өзү аны жөн гана 300 м мунара деп атаган. Эйфель мунарасынын курулушуна 9441 гширетилген темир кеткен. Аны сырдаш үчүн 60 т боёк талап кылынган. Эйфель мунарасын азыркыга чейин кисти менен 3 жылда бир жолу үч түркүн күрөң түскө боёшот. Анын каптал жактарында 72 көрүнүктүү франдуз окумуштууларынын ж. б. адамдардын ысымдары жазылган (ар бир тарабында 18ден ысым). Эйфель мунарасы жогору карай 3-деңгээлге чейин 1710, 2деңгээлге чейин - 674,1-деңгээлге чейин - 347 тепкич бар. Эйфель мунарасы курулгандан 20 жыл өткөндөн кийин аны бузуп, металлдарды жок кылуу пландаштырылган, бирок бул ишке ашкан эмес. Азыр 1-2-платформасына тепкич, 3-платформа сына лифт менен чыгат. 1-2-платформаларда ресторандары бар. Эйфель мунарасы курулгандан бери ага 200 млн адам кирген. Мунара дүйнөнун эл көп келип, сүрөткө көп түшкөн жайы болуп саналат. Эйфель мунарасы Бүткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.