Жети-Өгүз, өрөөн

Жети-Өгүз, өрөөн Ысык-Көл ойдуңунда . Тескей Ала тоонун түндүк капталында , Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 км2 узундугу 28,5 км, туурасы 8 – 11 км. Басымдуу бийиктиги 2000–3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн , андан жогору V формасына өтүп , каптал өрөөндөр жана кокту-колоттор менен тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыштагынан жогору чыга бергенде суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик кашаттуу Ак жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең жана кууш каптал өрөөндөрү көп . Капчыгай оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес : (1800 – 2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м бийиктикте) тоолорго, тик капталдуу (30 –50 °) бийик (3000 м ден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн уникалдуу ландшафттары жана курорт байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Табияты (токой чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан , Бөйрөк деген жерден орун алган Жетөгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл жар аскасынын норамасы өзүнүн табигый кооздугу менен көп элге маалым. Анын чыгыш уландысы Кызыл үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ортосунан жарылган ) жүрөк формасын элестеткендиктен, аны «Жарылган жүрөк» деп жүрүшөт. Ушул аскалардын сырткы көрүнүшү экзодинамикалык (атмосфералык жаан -чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б .) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорттон жогору өрдөй бергенде капчыг ай 3 –4 км аралыкка кууш тартып , анданчыга бергенде шиберлүү Көк жайык түздүгүнө өтөт. Ал Жети- Өгүздүн кенен жана тегиз, дем алууга ыңгайлуу жайы. Бул жерде кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп келген . Көк жайыктан жогору капчыгай кууш тартып, каптал өрөөндөр (Ат жайлоо, Асан токум, Бай төр, Өөн төр, Кыргый уя, Телти , Аю төр, Чуңкур төр, Ашуу төр ж . б.) менен тилмеленген. Өрөөндүн ооз жагы жана Жети-Өгүз курортунун аймагы неогендин кум, чопо, конгломерат, Көкжайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги , гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орточо температурасы 14,8 °С, январдыкы —8,4 °С. Жылдык жаан -чачыны 500 –600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында кайың, тал, чычырканак, бөрү карагат, итмурун , жылгын ж. б. жыгач жана бадал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800– 2200 м бийиктикте талаа , 2200 –2800м де шалбаа бадал аралаш карагайлуу токой, 2800— 3400м де субальп жана альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түндүк капталдарынан орун алып, айрым жерлеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде жана токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңгээлинен 3400м ден жогору кар, мөңгүлүү аскалар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жети-Өгүз заказниги уюшулган. Курорттун аймагынан минералдуу булактар чыгат ( Жети-Өгүз минералдуу суусу). Аны Жети-Өгүз курорту пайдаланат.

Адабият

Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.:2004 ISBN

Listed in the following categories:
Пикир калтыруу
Сунуштар жана айтылуучу сөз
Жети-Өгүз, өрөөн, бирок эч кандай ыкмалары да, атабыз бар. Балким, сен ишенимдештерибиз туристтери үчүн пайдалуу маалымат үчүн биринчи болот? :)
Карта
Unnamed Road, Кыргызстан Багыт алуу

Юрточный Городок on Foursquare

Жети-Өгүз, өрөөн on Facebook

Lesnaya Skazka Resort Almaty

баштап $73

Altamira Hotel

баштап $35

Guest House Weekend Ysyk-Kol

баштап $101

GreenTree Inn Bole Wanxianghui Express Hotel

баштап $36

Madanur Hotel

баштап $28

Samal Resort & SPA

баштап $82

Сунушталган кооз жакын

Бардыгын көрүү Бардыгын көрүү
Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Ала-Көл

Ала-Көл - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы көл. Каракол

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Ысыккөл

1. Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Кыргыздар бул көлдү 'Кырг

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Moinak Hydro Power Plant

The Moinak Hydro Power Plant (Мойнакская ГЭС) is a hydro power plant

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Иле Ала-Тоо, тоо

Иле Ала-Тоо, тоо – түндүк Теңир-Тоодогу кырка

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Октябрь үңгірі

Октя́брьская пещера — пещера, находящаяся на северном ск

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Shymbulak

Shymbulak (Kazakh: Шымбұлақ), also known as Chimbulak (Russia

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Медөө

Медөө, Медео - Иле Ала-Тоонун түндүк этегиндеги спорт комплекси,

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Sharyn Canyon

Sharyn Canyon is an 80 km canyon in Kazakhstan on the Sharyn River,

Окшош туристтик жайлар

Бардыгын көрүү Бардыгын көрүү
Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Çamlıca Hill

Çamlıca Hill (Turkish: Çamlıca Tepesi), aka Big Çamlıca Hill (Turk

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Üetliberg

The Üetliberg (also spelled Uetliberg, pronounced Шаблон:IPA in Zür

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Top of Mt. Takao (高尾山頂)

Top of Mt. Takao (高尾山頂) is a tourist attraction, one of the Тоолор

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Gellért Hill

Gellért Hill (magyar. Gellért-hegy; Deutsch. Blocksberg; Latina. M

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Lysá hora

Lysá hora (Czech pronunciation: ]; Polish: Łysa Góra; German: Lys

Баары окшош жерлерди кара