Таш Рабат Кошой-Коргон шаарынын (орто кылымдардагы Ат-Башы шаары) урандылардын түштүгүнөн 70км жерден орун алган. Ал Таш рабат суусунун жээгинде (Кара-Коюн суусунун оң куймасы)Ат-Башы кыра тоолорунун бир чоң капчыгайына турат.
Курулушу дээрлик чарчы келип,узундугу-34,8м,туурасы 32,4м.Эстеликтин төрт тарабы дүйно багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаменти уюлма катмарга кирип турат,тереңдиги 0,2-2м.Бүт вет маңдайы,дарбаза - эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт, анын туурасы 0,65-0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Чоң коридорунун эки четинде , ортоңку залынын төрт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чоң каридору менен залынын астында жалпак жука таш төшөлгөн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Бөлмөлөрдүн планы жана өлчөму мурдагы авторлордун эмгектеринен белгилүү болгон маалыматтардан башкачараак. Бул жагынан 9- бөлмө бөтөнөлөнүп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат, 20- бөлмө чоңураак, ага отроңку залдан 19-бөлмөнү аралап кирет.Эстеликтин планы менен өлчөмүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка бөлуктөрүнө да мүнөздүү.
Залынын астынан, 23- жана 27- бөлмөлөрдөн чопо толтурулган ороолор табылган. 27- бөлмөдөгү ороо сүйрөлжүн ,анын диаметри 0,9 м, жана тереңдиги 2,7 м. 23- бөлмөдөгү ороонун тереңдиги 4,2 м, диаметри 1,2 м, бирок али түбүно чейин тазаланып бүтө элек. Ушул эле имаратта өлчөмү 0,95х0,83 келген чарчы тешиктүү жертөлө бар.
Залдын ортосунда (18-бөлмө) терең ор бар. Ал ортосу тешик, кеминде он киши көтөрө турган чарчы жалпак таш менен жабылган. Тилебалдиев Адилет
Ө.Ж.Осмонов, А.А.Асанканов. Кыргызстан тарыхы.Бишкек 2003.