Фудзияма, Фудзи, Фудзисан Япониянын Хонсю аралындагы аракеттеги жанар тоо, Токиодон 90 км түштүк-батыш тарапта.
Япониянын эң бийик жери (бийиктиги 3776 м). Базальт жана андезит лаваларынан куралган. Кратеринин диаметри 700 мден ашык, тереңдиги 100 м келген туура конус. Капталдарында токой, бадалдар, вереск өсүмдүктөрү өсөт. Жогорку бөлүгүндө 10 ай бою кар жатат.
Акыркы жолу 1707-08-ж. атылган. Фудзияма - япондуктардын «ыйык тоосу», буддалардын жана синтоисттердин зыяратка келүүчү жайы. Анын аймагында 1936-ж. Фудзи-Хаконе-Идзу улуттук паркы (аянты 122,3 миң га) уюштурулган. Туризм (жылына 200 миң киши) өнүккөн. Учурда синтоисттик храмдын (сёгундар 1609-ж. храмга белек кылып бергендиги тууралуу документинин түп нускасынын негизинде) жеке менчиги.