Кунь-Лунь

Кунь-Лунь, Куэнь-Лунь — дүйнөдөгү ири тоо тармактарынын бири; Кытайдын аймагында. Батыштан (Памирден) чыгышты карай (Сина-Тибет тоолоруна чейин) 2700 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы батышында 150 км, чыгышында 600 км. Эң бийик жери 7723 м (Улуу-Музтаг чокусу). Түндүк капталынын Тарим түздүгүнө жана Алашань чөлүнө салыштырмалуу бийиктиги 4500—5000 м, түштүк капталыныкы 1000—1500 м келип, Тибет тайпак тоосуна өтөт. Негизги кырка тоолору: Кашкар, Орус, Алтынтаг, Аркатаг, Баян-Хара-Ула; Кунь-Ленге көбүнчө Наньшанды да кошот. Кунь-Лунь палеозой бүктөлүү кыймылынан пайда болуп, альп орогенезинде калыптанган; негизинен гранит ж. б. метаморфизмделген тоо тектерден түзүлгөн. Суу бөлгүчү аз тилмеленген, түндүк капталы тик, түштүгү жантайыңкы. Климаты кургак, мелүүн, кескин континенттик. Бийигирээк зонасында январдын орточо температурасы —35 ПСге чейин, июлдуку 10°С чамасында. Жылдык жаан-чачыны батышында 50 мм, чыгышында 500 мм. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 11,6 миң км2. Дарыялары кыска, сууга жарды; чыгыш Кунь-Ленде (Наньшанда) Кукунор көлү жайгашкан. Тоо чөлү жана талаа ландшафты мүнөздүү; түндүк капталдарында токойлуу жана шалбаалуу чакан аянтчалар кездешет. Көчмөн мал чарбасы, 3600 м бийикке чейин оазис дыйканчылыгы (арпа, тоо этектеринде — буудай) өнүккөн. Кытайча Куэнь-Лунь — «пияздуу тоолор»; ал жерде сарымсак, согон ж. б. жапайы пияздын көптүгүнө байланыштуу аталып калган.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Пикир калтыруу
Сунуштар жана айтылуучу сөз
Кунь-Лунь, бирок эч кандай ыкмалары да, атабыз бар. Балким, сен ишенимдештерибиз туристтери үчүн пайдалуу маалымат үчүн биринчи болот? :)
Radisson Blu Hotel Kashgar

баштап $97

Qiniwak Hotel

баштап $29

Kashi Yin Rui Lin International Hotel

баштап $260

Kashi Maitian Youth Hostel

баштап $8

Elan Hotel Kashi Jiefang North Road Branch

баштап $22

IU Hotel Kashgar Yecheng 315 National Highway Lanqiao Branch

баштап $26

Сунушталган кооз жакын

Бардыгын көрүү Бардыгын көрүү
Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Kongur Tagh

Kongur Tagh or Kongkoerh (монгол. Хонгор Таг; 中文. 公格尔山; pinyin: Gōng

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Karakul Lake

Karakul Lake (Kirgiz: 'black lake', Chinese: 喀拉库勒湖) is located a

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Muztagh Ata

Muztagh Ata, or Muztagata ('ice-mountain-father',中文. 慕士塔

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Id Kah Mosque

The Id Kah mosque (Uyghur: Héytgah Meschit, Шаблон:Zh) (from Persia

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Afaq Khoja Mausoleum

The Afāq Khoja Mausoleum or Aba Khoja Mausoleum (Uyghur: Apakh Khoja

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Shipton's Arch

Shipton's Arch, also known as Tushuk Tash (Pierced Rock in Uyghur) and

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Кара-Көл, Памир

Кара-Көл, Памир – Памирдеги ири көл, Тажикстанда. Аянты 380 км2,

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Кара-Көл, Памир

Кара-Көл, Памир – Памирдеги ири көл, Тажикстанда. Аянты 380 км2,

Окшош туристтик жайлар

Бардыгын көрүү Бардыгын көрүү
Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Mauna Kea

Mauna Kea (Шаблон:Pron-en or Шаблон:IPAlink-en in English, Шаблон:IPAl

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Фудзияма

Фудзияма, Фудзи, Фудзисан Япониянын Хонсю аралындагы аракеттеги ж

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Adam's Peak

Adam's Peak (also Adam's Mount; Sinhalese Samanalakanda 'butterfly

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Mount Qingcheng

Mount Qingcheng (Шаблон:Zh-cp) is a mountain in Dujiangyan, Sichu

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Жомолунгма

Жомолунгма - [Чомолунгма, Эверест, Сагарматха (Непалдагы аты)

Баары окшош жерлерди кара