Каспий деңизи

Каспий деңизи, Каспий (байыркы жана о. кылымдарда Гиркан, орус жыл баяндарында Xвалын, Xазар деп аталган) – дүйнөдөгү ири туюк көл-деңиз. Европа менен Азиянын чегинде, негизинен чөл жана жарым чөл зоналарында жайгашкан; Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Ирандын жээктерин чулгайт. Батышынан жана түштүгүнөн Кавказ, Эльбурс тоолору менен чектешет. Каспий деңизинин деңгээли океан деңгээлинен төмөн (–27 м). 1929-жылдан 1977-жылга чейин Каспийдин деңгээли 25,9 мден 29 мге чейин төмөндөгөн (бул 400 жыл ичиндеги эң төмөнкү чек болуп саналат). 1978-жылдан деңгээли кайра көтөрүлүп, 1995-жылы 26,6 мге жеткен. Аянты (26,6 м деңгээлдеги) 390 миң км2, көлөмү 78 миң км3. Деңиздин жазылыгы 200–400 км, меридиан боюнча 1030 кмге созулат. Түндүк бөлүгү тайыз (22 мге чейин), түштүгүндө 1026 мге чейин тереңдейт. Түндүк жээги түзөң, батышы менен түштүгү негизинен бийик, тоолуу, чыгышы көтөрүңкү; ири булуңдары: Түркмөн-Башы (Красноводск), Түркмөн, Маңкыштак, Казак, Кара-Богаз-Гол; батышында: Кизляр, Аграхан, Кызылагаж, Бакы бухтасы; түштүгүнө тайыз лагуналар мүнөздүү. 50дөй чакан (жалпы аянты 2 миң км2) аралы бар, алардын көбү Түндүк бөлүгүндө. Волга, Урал, Кура, Терек, Сулак, Сефидруд жана башка дарыялар куят. Суусунун кышкы температурасы түштүгүндө 12°Сге чейин, түндүгүндө 0°Сден төмөн, жайында 23–28°Сге чейин жылыйт. Кышында деңиздин түндүк бөлүгү 2–3 айга тоңот. Туздуулугу түндүк-чыгышында 12,6–13,6‰, Кара-Богаз-Голдо 300‰оге чейин, Волганын чатына жакын 0,05‰ге чейин азаят. Деңизден балык (осётр, судак, лещ, каңылтыр, килька) көп кармалат; түлөн промысели бар. Нефть жана газ казылып алынат. Суудагы нефть продуктуларынын жана фенолдордун концентрациясы булгануунун коопсуз концентрация чегинен (ККЧ) ашык (ККЧ 2ден 16га чейин). Азов, Кара, Ак жана Балтика деңиздери менен ички суу жолдору аркылуу туташат. Башкы порттору: Баку (Азербайжан), Астрахань, Махачкала (Россия), Шевченко (Казакстан), Энзели (Иран), Түркмөн-Башы (Түркмөнстан), Баку жана Түркмөн-Башы шаарын темир жол парому байланыштырат. Каспийдеги углеводород сырьёлорун өндүрүү жана балык кармоо ургаалдуу жүргүзүлгөндүктөн, деңиздин экологиялык абалы кыйла жабыр тарткан; жээктен алыс бөлүгү гана салыштырмалуу туруктуу абалда.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Listed in the following categories:
Пикир калтыруу
Сунуштар жана айтылуучу сөз
Aigerim Demeu
29 June 2014
Population of KZ is almost 17.5mln. In Aktau there are only 184000 people. We are lucky to have such a beautiful place and sunset in our city????. Rest of them will visit purposely to see it????
Amina Sultan
4 March 2015
Жить на берегу моря наверное просто сказка.Рассвет.. Закат.. Когда я впервые приехала сюда,самое что меня удивило в этом городе так это лебеди спокойно плавающие на холоде и ветре☺️
Юля Мельник
14 August 2014
Много развлечений для детишек-площадки, прокат машин, велосипедов; батут. Просто шикарные лавочки с видом на закат!!!
Forestina Gump
31 August 2013
Очень много развлечений для детей. Есть удобные велосипедные дорожки. Дают велики на прокат. Но больше всего нравятся скамеечки с видом на море!
Rus Baimuk
26 September 2013
Единственное место в городе, где можно прогуляться с семьей, при этом дыша свежим морским воздухом...
Асем Аскарова
28 October 2015
Хорошое место для прогулок, для концертов☺️????????????
Карта
24.1km from Gilan Province, Talesh, Miankoh Road, Иран Багыт алуу
Sat-Sun Noon–Midnight
Mon 5:00 PM–Midnight
Tue 7:00 PM–Midnight
Wed 5:00 PM–11:00 PM
Thu Noon–1:00 PM

Caspian Sea Coast on Foursquare

Sheraton Baku Airport Hotel

баштап $100

Bilgah Beach Hotel

баштап $122

Delmar Hotel Baku

баштап $59

Holiday Inn Baku

баштап $114

Xudaferin Hotel

баштап $42

Astoria Hotel

баштап $45

Сунушталган кооз жакын

Бардыгын көрүү Бардыгын көрүү
Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Laton Waterfall

Laton Waterfall is located in the Astara city. The height of the

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Rudkhan Castle

Rud-khan castle (also Rood-khan castle), is a brick and stone medieval

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Sabalan

Sabalan ((in Persian سبلان Sabalân ;also called Sāvālān in Azerb

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Talysh Mountains

Talysh Mountains (فارسی. کوههای تالش Kuha: e Ta:lesh) is a mountain

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Султания күмбөзү

Султания күмбөзү Олжайтунун күмбөзү 1302-1312-жылдары Султания шаар

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Zahhak Castle

Zahhak Castle (or citadel) is a castle in East Azarbaijan Province,

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Aghdash

REDIRECT Aqdash

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Dashkasan

Dashkasan (azərbaycanca. Daşkəsən, فارسی. داشکسن) is a three cave c

Окшош туристтик жайлар

Бардыгын көрүү Бардыгын көрүү
Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Jökulsárlón

Jökulsárlón is the best known and the largest of a number of gl

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Lake Pukaki

Lake Pukaki is the largest of three roughly parallel alpine lakes

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Minnewater

Minnewater or Love Lake is a lake in the center of Bruges, Belgium

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Meiktila Lake

Lake Meiktila (Burmese: မိတ္ထီလာကန် ]) is a lake located near Meiktila

Мен жактырган буюмдарга кошуу:
Мен бул жерде болгом
Болушту
Dique do Tororó

O Dique do Tororó é o único manancial natural da cidade de Sa

Баары окшош жерлерди кара