Абрамцево (музей-чарбак) - Москва облусунун Загорск шаарына жакын жердеги музей-чарбак. 18-кылымда Головиндердики, 1843-жылдан Аксаковдор, 1870-жылдан С. И. Мамонтов ээлеген, 1918-жылдан музей. 18-кылымдын ортосунда жыгачтан салынган чарбак үй, паркында «орус стилиндеги» курулуштар (чиркөө, 1881-82 жана башка) бар. Абрамцеводо С. Т. Аксаковдукуна Н. В. Гоголь, М. С. Щепкин келип турушкан. 1870-90-ж. орус көркөм чыгармачыл интеллигенция турмушунун маанилүү борбору; бул жерде К. А. Коровин жана башкалар иштешкен; жыгач оймолоо жана майолика өнөрканалары уюштурулган. Абрамцево 1977-жылдан расмий түрдө «Абрамцево» мамлекеттик тарыхый-көркөм жана адабий музей коругуна айланды.